
Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында өтүп жаткан Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командаларынын беттешине президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен келди. Ошондой эле «Ак-Шумкарларды» колдоо үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү келди.
Оюн саат 21:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионунуда болду. Беттешке 16 миңден ашуун билет сатылганы кабарланган. Мындан тышкары Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Бишкектин эски аянтында фан-зоналар уюштурулуп, оюн түз эфирде көрсөтүлдү.
Соңунда эч ким жеңишке жеткен жок.