Ректорлорун дайындоо укугун министрлер кабинетинин төрагасына берүү сунушталды

Мындай сунушту Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев берди.

«Бизде эл аралык университеттер да бар. Төрт ЖОЖдун ректорун президент дайындай тургандыктан, калгандарынын жетекчилерин министрлер кабинетинин башчысы дайындаса деген сунушум бар. Аларды билим берүү министри дайындаса туура эмес, анткени тааныш мамиле башталат. Маселен, депутаттар Билим берүү министрлигинин жетекчисине кайрылып, университеттин ректорлугуна өздөрүнүн тууганын дайындоону суранышат», — деди Нурбек Сыдыгалиев.

Депутаттар “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талкуулап жатышат. Түзөтүүлөр шайлоону жокко чыгарууну жана Билим берүү министрлигинин жогорку окуу жайларынын ректорлорун дайындоону камтыйт. Улуттук статуска ээ болгон ЖОЖдордун ректорлору президент тарабынан дайындалат.

Кыргызстанда 33 мамлекеттик университет бар, алардын төртөө улуттук статуска ээ.