Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы: Айдоочу рулда уктап кеткен

2022-жылдын 9-июнь күнү Талас областынын Кара-Буура районунун Бакыян айылынын тургуну 1989-ж.т. К.А. “Фольксваген-Пассат” автоунаасы менен Талас облусунун Кара-Буура районунан чыгып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Мундуз айылына келип, кайра түнү менен чарчаңкы абалда жолго чыккан.

“Балыкчы-Ананьево-Каракол” автоунаа жолу менен күн чыгыштан батышты көздөй бара жатып Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылына жеткенде, 10-июнь күнү таңга жуук саат 05.40 чамаларында айдоочу рулда уктап кетип, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, каршысында келе жаткан, Каракол шаарынын тургуну 1994-ж.т. К. Э. башкаруусундагы жүк ташуучу “VOLVO FH 12” автоунаасы менен сүзүшүп жол кырсыгына учураган. Натыйжада “Фольксваген-Пассат” автоунаасынын айдоочусу К.А. жана жанында жүргүнчүлөрү Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Башат айылынын тургуну 1964-ж.т. А. К., Бакай-Ата районунун Биринчи май айылынын тургуну 1974-ж.т. С. М., 1977-ж.т. К. У., кырсык болгон жерде алган жаракаттарынан улам каза болушкан.

f5b5ddf6 6fb7 4d71 9941 1f78fd4fd63c kopiya Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы: Айдоочу рулда уктап кеткен


Аталган жол кырсыгы Ысык-Көл РИИБде катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


ЖКККББы эскертет: Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.

КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы

409897 2 Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы: Айдоочу рулда уктап кеткен