Ошто кызматтык автоунаанын алдыңкы капотуна чыгып секирип жаткан адам кармалды

2022-жылдын 6-июнь күнү Ноокат шаарында жайгашкан “Апсатар Ажы” кафесинин жанында токтоп турган Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө таандык мамлекеттик белгиси 01KG610MD, Рено-Логан үлгүсүндөгу кызматтык автоунаасынын алдынкы капотуна, белгисиз жаран үстүнө чыгып секирип жаткан видеосу тараган.

WhatsApp Image 2022 06 08 at 10.53.22 Ошто кызматтык автоунаанын алдыңкы капотуна чыгып секирип жаткан адам кармалды

Ноокат районунун тургундары 16 жаштагы Ж.Е. жана 17 жаштагы К.М. экендиги аныкталып, бул окуя майда бейбаштык беренеси боюнча Ноокат РИИБде катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 74-беренеси жана 126-беренеси менен айып протоколдору толтурулуп сот органдарына жөнөтүлдү. Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан балдарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы