Канат Келдибеков карьерасын жыйынтыктады

Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

«Ассалам алейкум кыргыз элим. Ар нерсенин өз убактысы, мезгил сааты болот тура. Ар бирибиз биринчиден өлкөм мага эмне кылды дебей, мен өлкөм үчүн эмне кылдым деген суроо беришибиз керек!

Менимче аз да болсо өз өлкөм үчүн бир салымымды спорт жактан кошо алдым деген ойдомун. Бул деңгээлге жеткенге силердин ар бириниздердин колдоңуздар, дубаңыздар түрткү…

Мен баарыңыздардан ыраазымын. Бул профессионалдык карьерадагы акыркы постум. Тагыраагы спортту жыйынтыктадым, баарыңыздарга, жылуу сөздөрүңүздөргө рахмат элим»,-деп жазды Келдибеков.