Кыргызстандык балбандар Казакстандагы эркин күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште төрт медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Турнирде Эрназар Акматалиев (70 кг) менен Бекболот Мырзаназар уулу (61 кг) алтын, Саякбай Усупов (79 кг) күмүш, Алибек Осмонов коло медалды утту.
Эскерте кетсек, аталган турнирде грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (82 кг) алтын медаль, Жоламан Шаршенбеков (63 кг), Атабек Азисбеков (87 кг), Ильяс Ренат уулу (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) коло, кыз-келиндер арасында Айпери Медет кызы алтын байгеге татыган.