Эрназар Акматалиев Эл аралык турнирде алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 кг салмакта турнирдин финалында казакстандык Родион Анчугинди 10:7 эсебинде жеңип, алтын медалды тагынды. Буга чейин Эрназар казакстандык балбанды 5:3, жарым финалда кыргызстандык Алибек Осмоновду 2:0 эсебинде артта калтырган.

Ал эми Алибек Осмонов коло медалды утту.

Мелдеш 2-5-июнь күндөрү Алматы шаарында өтүп, балбандар кыз-келиндер арасында, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча күч сынашты.

Эскерте кетсек, аталган турнирде грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (82 кг) алтын медаль, Жоламан Шаршенбеков (63 кг), Атабек Азисбеков (87 кг), Ильяс Ренат уулу (77 кг) жана Калидин Асыкеев (82 кг) коло, кыз-келиндер арасында Айпери Медет кызы алтын байгеге татыган.