“Ала-Арча” паркы 10-июнга чейин жабык болот

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы бүгүн, 6-июндан тартып убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР президентинин иш башкармалыгынын «Кыргыз мамлекеттик «Ала-Арча» жаратылыш паркы» мекемесинен билдирди.

«Жолду реконструкциялоого байланыштуу 2022-жылдын 6-июнунан 10-июнуна чейин «Ала-Арча» жаратылыш паркынын аймагына автотранспорттордун кирүүсү убактылуу токтотулат», — деп айтылат маалыматта.