Электро автобустарды сатып алып, маршруттук таксилерди шаардан сырткары чыгаруу керек, – Балбак Түлөбаев

Бишкекке электро автобустарды сатып алып, маршруттук таксилерди шаардан сырткары чыгаруу керек.

Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.

“Бир күндө шаарга 2 миңге жакын маршруттук такси чыгат. 4 түрдүү автобус алабыз. Булар: бензин, дизель, газ жана электро автбус. Эң кымбаты электро автобус. 250 миңден 350 миң долларга чейин. Бирок муну алганга мажбурбуз. Себеби технология ошого баратат. Биз азыр алып, келечекте шаарыбызды, адистерибизди ошого даярдашыбыз керек.

Газ менен жүрүүчү автобустарды алыш керек. Дизель менен жүргөн автобустардан кетишибиз керек. Дизелдик моторлуу автобустарды Бишкекке жолотпош керек. Электро автобустар келсе, Бишкектин ортосундагы жакшынакай каттамдардын баарын ошолорго берүү керек. Маршруттук таксилерди акырын сүрүп чыгарышыбыз керек“, – деди Түлөбаев.