Балбак Түлөбаев кайрадан монорельс салууну сунуштады

Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.

“Бишкектин аймагында эки дарыя өтөт – Аламедин жана Ала-Арча. Биринчиси – 19 км,экинчиси – 17. Бул монорельс курууга даяр нерсе. Эгер курулса автобустардын, троллейбустардын дагы кереги жок болуп калат.

Учурда калаага эки миң автобус керектелет. Анын ар бирөөсүнүн эле баасы 100 миң АКШ доллары.

Монорельстин курулушуна мындай акча каражаты кетпейт. Монорельс БЧК менен ылдый жүргүзүп айланма кылсак да болот.

Колум менен көрсөткүм келбейт, дагы бир нерсе деп жазышат. Бир линияны Сокулукка, экинчисин Кантка чейин курса болот. Шаардагы экология тазармак. Кабинет Министрлигине бул суроонун үстүндө иштөөнү сунуштайм”, – деди Түлөбаев.