
ИИМ: Баткен шаарында баңгизаттарды колдонууну алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Баткен шаарынын мэриясынын базасында калк арасында баңгизаттарды колдонууну алдын алуу боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Баткен шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри М.Маматисаев, ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Т.Суваналиев, Г.Жапакова, ЕККУнун Программалык кеңсесинин өкүлү Э.Канаева, Баткен ОИИБнин кызматкерлери, Баткен шаарынын мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн, жаштар иштери боюнча комитетинин өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо органдарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү жана балдар иштери боюнча инспекторлор катышты.
Катышуучулар Баткен облусунун аймагындагы учурдагы баңгилик абал тууралуу маалыматтар менен таанышты. Ошондой эле республиканын аймагындагы жашы жете электердин баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды колдонуу абалы тууралуу маалымат берилди. Баңгичиликти алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан натыйжалуу чараларга байланыштуу маселелер талкууланды.
Алдын алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жер-жерлерде жашы жете электер менен жекече алдын алуу иштерди уюштуруу боюнча муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана балдар иштери боюнча инспекторлордун өз ара аракеттенүүсү кеңири талкууланды.
Мындан тышкары, катышуучулар муниципалитеттердин билим берүү мекемелеринде алдын алуу иштерди уюштуруу, баңгизаттарды кыянаттык менен колдонууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата баңгиликке каршы иш-чаралардын бир айлыгын өткөрүү маселелери талкууланды.
Жыйындын соңунда катышуучулар сергек жашоо образына жетишүү, баңгизаттарды колдонуучулардын физикалык, психикалык жана руханий ден-соолугун, алардын жеке жана социалдык абалын калыбына келтирүүгө багытталган бардык шарттарды түзүү, өлкөнүн өнүгүшүнө оң салым кошуу зарылдыгын бир добуштан билдиришти.

ИИМдин Басма сөз кызматы






