Мадамин Каратаев кызматынан бошотулду

Мадамин Каратаев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Мадамин Каратаев аталган борборду 2022-жылдын 22-апрелинен бери жетектеп келген.

Бүгүн ошондой эле Улук-Бек Бектурганов, Жапаркул Ташиев жана Жалалидин Рахматуллаев саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары кызматынан бошотулганы белгилүү болду. Алардын ордуна Улан Садыков, Жаркынбек Касымбеков жана Бүбүжан Арыкбаева дайындалды.