Балбак Түлөбаев транспорт жана коммуникация министрин жүзүн көрбөгөнүн айтты

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоевди сагынганын билдирди.

Депутат Чоң-Кеминдеги он айылга токтолуп, жолдор коркунучтуу абалга келгенин айтты.

Ал транспорт министринин аты-жөнүн билбестигин, жүзүн көрбөгөнүн билдирди.

«Урматтуу транспорт министри, сизди сагындык. Жогорку Кеңешке келип жок дегенде жүзүңүздү көрсөтсөңүз жакшы болмок. Сизди абдан сагындык. Барсызбы, жокпу? Эмне кылабыз? Мүмкүн кат жазышабыз?» — деп суроо салды эл өкүлү.