Окуучуну урган мугалимдин кайрылуусу: “Мени кечиргиле, окуяны калыс карагыла”

Социалдык тармактарда тараган видеодо окуучуну ур токмокко алып жаткан мугалим өз арызы менен жумуштан кеткендиги кабарланган.

Мугалимдин аты – Эргешпаева Мээримгүл, информатика сабагынын мугалими.

Ал өзү бардык жарандарга кайрылып, окуяны бир тараптуу эле жазбастан, эки жакты тең кароону, калыс чечүүнү суранды. Ошондой эле ал кол көтөрүүгө жеткизген окуучу буга чейин да бир топ эскертүүлөрдү класс жетекчисине бергенин кошумчалады. Ал окуучунун мамилеси түрткү болгондугун айтты. Ошондой эле ал класста кызы бар экендигин айтты.

Учурда абалы начар болуп, кечкисин “Тез жардам” чакырганын белгиледи,

Бул тууралуу Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Буга чейин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жогорудагы окуя боюнча билдирүү таратып, мектепте болгон окуя боюнча 25-май күнү Сузак райондук милициясына катталып, алдын ала текшерүү жүргүзүлгөнү айтыган.

“Териштирүүдө окуя 2022-жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, мектептин 7-классынын окуучусу Д.Хны информатика сабагынан мугалим Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган. Мугалим 23-май күнү 7-класстын окуучусу Д.Х. менен өзүнүн кызы К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кеткен учурда, сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткен. Окуучу Д.Х. орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып, тарбиялык мааниде уруп жибергенин айткан”, — деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында, атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.