Гүлзат Мамытбек абактан бошотулду

Алдамчылыкка шектелип, камакка алынган блогер Гүлзат Мамытбек пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Айыпталуучу сот залынан бошотулган.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 24-майындагы өкүмүнө ылайык, Гульзат Алымкулова Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2, 3-пункттарында каралган кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылды жана ага карата 5 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгу жаза дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде ага 3 (үч) жылдык пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн бошотулду.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө 7 жаран арыз жазган. Алардын айтымында, Гүлзат Алымкулова кыска мөөнөттө ири кирешеге ээ кыларын айтып, акчаларын алып, качып кеткен. Жарандар тарткан чыгым 110 миң долларды түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен каттоого алынып, 2020-жылдын февраль айында өлкөдөн чыгып кеткен Гүлзат Алымкуловага издөө жарыяланган.