Өкмөт башчы Жапаров отставкага кетсин,- Арсланбек Малиев

Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Кумтөр кенинин кирешесинен Нарын облусуна акча бөлүү боюнча пикирин айтып, бул үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду сынга алды.

«Мен Кумтөрдөн Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна акча бөлүп бергиле деп айтып келем. Бирок тилекке каршы, өкмөтүбүз ошол токтомду Нарын облусуна чыгарып жатат. Нарын облусунун Кумтөргө эмне тиешеси бар?

Ансыз деле Кумтөр республиканын баарына жардам берип жатпайбы. Ошондуктан бул маселени күн тартибине киргизип, туура эмес токтом чыгарганы үчүн өкмөт башчы Жапаров отставкага кетсин. Уяты болсо өзү кетсин, болбосо мен президентке кайрылам»,-деди Малиев.

Парламенттин спикери депутатты аймактарды бөлбөөгө чакырды.