Свердлов районунун аймагынан снаряд табылды

Бишкектеги Свердлов районунун аймагынан снаряд табылганы айтылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 102 кызматына Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыкта снаряд жатат деген маалымат түшкөн.

«Аталган аймак курчоого алынды. Тоголок Молдо көчөсү түндүгүнөн жана түштүгүнөн, Васильев көчөсү чыгышынан жана батышынан жабылды. Жеринде сапёрлор менен Бишкек ШИИБдин кызматкерлери иштеп жатат»,-деп билдиришти Кайгуул кызматынан.