Балбак Түлөбаев: Педофилдерди асыш керек

Жашы жетелек балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жаза чараларында жеңилдетүү болбошу керек.

Мындай пикирин бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында  депутат Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, аларга эң жогорку жаза берилиши керек.

“Керек болсо педофилдерди асыш керек, коомдон жулуп, жоготуш керек. Ар бирибизде бала бар. Биз коомдогу кылмышкерлерди коомчулуктан алыс кармашыбыз зарыл. Ал үчүн бюджеттен каражатты аябашыбыз керек”, — деди депутат.

Жыйында депутаттар балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында мыйзам долбоорун талкуулашууда.