№54 мектептин сырткы дубалына сүрөт тартууга сынак жарыяланды

Урматтуу шаардыктар, стрит-арт адистери, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү! Имараттардын фасаддарын оңдоонун алкагында Биринчи май районунун администрациясы №54 мектептин (Фучик, 76) сырткы дубалына сүрөт тартууга сынак жарыялайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сынакка Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести боюнча Андрей Кончаловскийдин картинасынын түстүү жана ак-кара түстөгү дизайн иштеринин долбоорлору кабыл алынат.

Тематикалык багыт: бул тасманын башкы ролдору Наталья Аринбасарова менен Болот Бейшеналиевдин образын жаратышат.

Сынакка катышуу акысыз, арыздар orgotdelpra@mail.ru электрондук почта аркылуу «Сынакка» деген бөлүмчөнү белгилөө менен эскизи кабыл алынат.

Сынактын жыйынтыгы 1-июнга чейин чыгарылат. Сыйлык катары жеңүүчү өз атын көркөм чыгармага жазып, борборубузга из калтыра алат.
Шаардыктар да, чыгармачыл топтор да өз идеяларын ишке ашырып, мурал искусствосун жаратуу үчүн чыгармачылык долбоорлорду сунуштай алышат.