Нарын шаардык ички иштер бөлүмү сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алууда

Бул тууралуу Нарын ОИББнен билдиришти.

Нарын шаарынын аймагындагы жаш өспүрүмдөр ата-энесинин жана чоң адамдардын көзөмөлсүз көлмөлөрдө, дарыяларда жана башка тыюу салынган кооптуу жайларда өз алдынча сууга түшкөндүктөн мындай учурлар ар кандай кырсыктарга жашы жете электерди жана жаштардын сууга чөгүп кетүү коркунучунан алдын -алуу максатында түшүндүрүү иштерин өз деңгээлинде жүргүзүү менен сууга түшүүгө болбой турган кооптуу жерлерге ” Сууга түшүүгө тыюу салынат!”- деп жазылган көрнөк- жарнактарды орнотуу иштери Нарын ШИИБнин Балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 05 17 at 08.33.55 Нарын шаардык ички иштер бөлүмү сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алууда

Ошондой эле өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун ар кандай укук бузуучулуктун алдын алуу максатында жана өз алдынча эс алуучу жайларга чыгып кетүүлөрүнө тыюу салынып, ата-энелерине эскертилип Нарын ШИИБи тарабынан тынымсыз профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

WhatsApp Image 2022 05 17 at 08.33.55 2 Нарын шаардык ички иштер бөлүмү сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алууда
WhatsApp Image 2022 05 17 at 08.33.55 1 Нарын шаардык ички иштер бөлүмү сууга чөгүү кырсыктарынын алдын алууда