Сот Азиз Батукаевдин бир тууганынын апелляциялык арызын канааттандыруусуз калтырды

Жогорку сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир тууганы Яха Батукаеванын апелляциялык арызын канааттандыруусуз калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соттун чечими бүгүн, 11-майда кабыл алынган.

Батукаева кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко арыз жазган.

54 жаштагы Яха Батукаева 2016-жылы Челябинскиде эки өнөктөшү менен чогуу 30 килограмм баңгизатын сатууга айыпталып, 17 жылга соттолгон. Кийинчерээк Кыргызстанга экстрадицияланып, Степное айылындагы аялдар абагына камалган.