Нарында университеттин чатырын шамал учурган

Кечээ, 10-май күнү Нарын шаарынын аймагында саат 18:40 чамалаларында секундасына 25-28 метрге жеткен куюн аралаш катуу шамал катталган.

Анын кесепетинен Нарын шаарындагы С.Орозбаков көчөсүндө №25 дарегиндеги Нарын мамлекеттик университетинин башкы корпусунун имаратынын чатыры, Ленин көчөсүндөгү №121, №79а дарегиндеги көп кабаттуу турак-жайлардын чатыры, Ж.Шералиев көчөсүнүн №208 дарегиндеги жеке менчик турак- жайдын чатырлары кыйрап, Геология көчөсү №171 дарегиндеги короодогу бак кулап чектеш турак-жайга кооптуулук жараткан.

280527492 463555905537374 7965874935169776534 n Нарында университеттин чатырын шамал учурган