Коррупцияга шектелип Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды

Коррупцияга шектелип Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмышка шектелип, Аламүдүн айыл өкмөт башчысы 1978-жылы туулган К.Н., кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алдамчылык, документтерди жасалмалоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн тергелген материалдарынын негизинде, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча ички иштер органдарына бир нече жаран кайрылган. Алар Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысына карата чара көрүүнү суранып, ал алдамчылык жол менен аталган айыл өкмөттүн башка кызматкерлери менен биргеликте жер тилкесин бөлүп берүүнү убада кылып, айрым учурларда акча каражаттарын, автоунааларды ээлеп алганы айтылган.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ошол эле учурда, мурда көрсөтүлгөн фактылар боюнча милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр кармалды:

  • Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары 1974-жылы туулган К.А., КР Кылмыш-жаза кодекси 39-337-беренесинде каралган («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу») жана 379-беренесинде («документтерди жасалмалоо») жана 209-беренесинде («алдамчылык») каралган кылмыштарга шектелип;
  • 1963-жылы туулган Аламүдүн айылынын айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери К.А., КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («документтерди жасалмалоо») жана 209-беренеси («алдамчылык») боюнча 39-337-беренелер («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу») боюнча шектелип;
  • Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы 1960-жылы туулган Д.Ю., дагы кылмышка шектүү делип КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-337-беренеси («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу») боюнча кылмыш жасаган деп шектелүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн бул материалы боюнча милиция кызматкерлери тарабынан бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.