Саясат таануучу: Алексей Ширшовду азыр камап салуу пайдасыз

Бүгүн “Дастан” ТНКнын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды

УКМКнын маалыматына караганда, ал «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы 56 кымбат батир жана 27 жеке коттеджди мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кылмыш схемасына Ысык-Көл районунун жана облусунун, Бишкек шаарынын жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын, Жогорку Соттун, Президенттин Администрациясынын, Мамлекеттик мүлк фондунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлери тартылган. Ширшов кылмыштын негизги уюштуруучусу болгон. Ал убактылуу тергөө абагына жайгаштырылды.

Саясат таануучу Денис Бердаков Ширшовдун камалышы боюнча комментарий берди.

“Алексей Ширшов Максим Бакиев менен өз убагында иштешкени чындык. Аны менен кимдер гана иштешкен эмес. Азыр бийликте олтургандардын жарымы Бакиевдер менен иштешкен. Депутататтардын арасында дагы бар. Ал кезде ар кыл багыт боюнча башкаруучу күчтүү командалар түзүлгөн. 2010-жылдан кийин Максим Бакиев баш болуп күнөлүүлөр баары качышкан. Ошондон кийин мен түшгөндөн, бул команда чачырады. Ар кими өзүнүн камын ойлошту. Көпчүлүгү бири-бири менен урушуп кетишти. Максим Бакиев керек болсо эң жакын досу Гуревичти дагы “сатып” кеткен. Ошондон бери баары Максим Бакиевке душман болуп жүрүшөт.
Алексей Ширшов тууралуу айтсак, айрым маалыматар боюнча ал Максимдин камакта турган 200 млн доллар акчасын Америка банктарынын биринен таап чыккан. Былтыртан бери ошол Максимдин акчасын Кыргызстанга кайтаруу менен алек болуп жүрөт. Маалыматтарга караганда, бийликтегилердин да кабыл алуусунда болгон. Жогору жактагылар болсо “Эгер кайтара алсаң “флаг в руки” деген.

2014-жылы Атамбаевдин бийлиги Максимдин 4,5 млн долларын кайтарган. Америка банктары анын 30 пайызын тейлеген акысы үчүн алып калышкан. Ошондо, дал ушундай эле шарттар менен кайтарса 140 млн доллар Кыргызстанга келет. Кандай болгон күндө да, мамлекет үчүн бир чоң пайда. Кур дегенде бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысына жарайт.

Азыр эми Алексей Ширшовду камап коюш Кыргызстан үчүн пайдасыз. Анын үстүнө ал өзү келди. Жылдын аягына чейин ишти аягына чыгарсын”, – деп белгилейт саясат таануучу.