Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына баңгизаттарды ташуу боюнча жоопкерчиликтери эскертилди

БМЖКККнын оор жук ташуучу унаалардын айдоочуларына баңгизаттарды ташуу боюнча жоопкерчиликтери эскертилди

WhatsApp Image 2022 05 10 at 14.15.33 Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына баңгизаттарды ташуу боюнча жоопкерчиликтери эскертилди

“Достук” Көзөмөлдө өткөрүү жайынын амагында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы жана Ош облусу боюнча Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башкармалыгы менен биргеликте баңгизаттарды ташуу боюнча жоопкерчиликтери тууралуу түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери
Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулрага алдын алуу иш-чараларын уюштуруп, аларга жүктөрдү жүктөөдө кыраакы болуулары жөнүндө эскертишти, себеби жүк ташууда айдоочу жоопкерчиликтүү.


Негизги басым баңгизаттарды ташуу үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке көңүл бурулду.
Алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө айдоочулар ар кандай суроолорду беришип, анын ичинде социалдык тармактарда баңгизаттарды сатуу же жүктөө сунушу келип түшсө, каяка билдирүү керектиги тууралуу айтылды.
Өз кезегинде, айдоочулар ыраазычылык билдиришип, ар бири өзүнө керектүү маалыматтарды алышты.

WhatsApp Image 2022 05 10 at 14.15.32 Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына баңгизаттарды ташуу боюнча жоопкерчиликтери эскертилди

ИИМдин Басма сөз кызматы