47-абакта чыккан өрт эмнеден улам келип чыкканы белгилүү болду

Бишкектеги 47-абакта чыккан өрттөн кызматкерлер жана абактагылар жабыркаган эмес. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт турак жайдан алысыраак жерде чыккан.

«Абакта чыккан өрттү өзүбүздүн күчүбүз менен өчүрүп жетиштик, бирок ӨКМден да чакырдык, текшерүү үчүн. Абакта олтургандар жана колониянын кызматкерлери жабыркаган эмес. Өрт турак жай комплексинен алыс жерде чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгон», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, буга чейин, тагыраагы 10-майга караган түнү абакта тополоң болгону тууралуу маалыматтар соцтармакка тараган болчу.