Селден жабыр тарткандарга милиция жардам берүүнү улантууда

Бул тууралуутЖалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


Сузакта селден жабыр тарткандарга Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын, Кайгуул күзөт кызматынын, Жалал-Абад ШИИБдин, Сузак РИИБдин, ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы жардам берүүнү улантып жатат. 200дөн ашуун кызматкерлер суу жана ылайга толгон жер төлөөлөрдү, мал сарайларды тазалап, турак үйлөрдүн алдын баткактан арылтууда.

WhatsApp Image 2022 05 07 at 14.27.01 Селден жабыр тарткандарга милиция жардам берүүнү улантууда


Жергиликтүү тургундар милиция жана аскер кызматкерлеринин жасаган иштерине ыраазычылыктарын билдиришип, иштеринде ийгиликтер болуусун каалашып, ак баталарын берип жатышат.


Белгилей кетсек 4-майдан 5-майга караган түнү нөшөрлөп катуу жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл аймактарындагы бир нече турак жайларды жана социалдык объектилерди сел каптаган.

WhatsApp Image 2022 05 07 at 14.26.55 Селден жабыр тарткандарга милиция жардам берүүнү улантууда
WhatsApp Image 2022 05 07 at 14.26.43 Селден жабыр тарткандарга милиция жардам берүүнү улантууда