
Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-май күнү саат 18:20 чамасында Октябрь районуна караштуу Байтик-Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйдүн 9-кабатынан аял киши өз жанын кыюуга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды түшүрүшүп ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.