Өзбек чек арачыларынын огунан Кыргызстандын 3 жараны көз жумду

Өзбек чек арачыларынын огунан Кыргызстандын 3 жараны көз жумду, деп
билдирди Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы.


Кечээ, 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын ДөбөКоргон жерлигиндеги кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз
Республикасынын үч жаранына ок атышкан.


Анын кесепетинен 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы
туулган А.Ж. жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилген. Бирок
алар эсине келбей, каза болушкан.


Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Букадагы чек ара өкүлү
Өзбекстандын Янги-Курган боюнча чек ара өкүлү менен жолугуп, тараптар ички
иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну бүгүн, 6-майда улантууну макулдашкан