Барскоондогу токойго Тянь-Шань карагайынын 3400 даана көчөттөрү отургузулду

Бүгүн, 30-апрелде Барскоон токойчулугунун Тарылга участкасындагы 4 гектар жерге Тянь-Шань карагайынын 3400 даана көчөттөрү отургузулду.

WhatsApp Image 2022 04 30 at 13.55.55 1 Барскоондогу токойго Тянь-Шань карагайынын 3400 даана көчөттөрү отургузулду


Жети-Өгүз районунун акими Мураталы Тагаев бул иш-чарага райондогу бардык мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери катышып жатканын билдирди.

WhatsApp Image 2022 04 30 at 13.55.56 1 Барскоондогу токойго Тянь-Шань карагайынын 3400 даана көчөттөрү отургузулду


“Президентибиз Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн жарыялаган болчу. Тянь-Шань карагайларынын көчөттөрүн отургузуу ошол өнөктүктүн алкагында жүрүүдө. Быйыл план боюнча Токой чарбасы 25 гектар жерге көчөт отургузушу керек болчу.

WhatsApp Image 2022 04 30 at 13.55.54 1 Барскоондогу токойго Тянь-Шань карагайынын 3400 даана көчөттөрү отургузулду

Ал эми жалпы район боюнча быйыл 16 миң көчөт отургузуу пландалган жана иш жүзүнө ашууда. Бул көчөттөр болсо Токой чарбасынын планынан сырткары жерге отургузулууда.”,-деди М.Тагаев.

WhatsApp Image 2022 04 30 at 13.55.56 1 1 Барскоондогу токойго Тянь-Шань карагайынын 3400 даана көчөттөрү отургузулду
WhatsApp Image 2022 04 30 at 13.55.55 2 Барскоондогу токойго Тянь-Шань карагайынын 3400 даана көчөттөрү отургузулду