Туристтик сезонго даярданууну, жол кырсыктарын алдын алуу иш-чараларын сапаттуу уюштурууну талап кылам, – министр

Улан Ниязбеков: Туристтик сезонго даярданууну, жол кырсыктарын алдын алуу иш-чараларын сапаттуу уюштурууну талап кылам

2022-жылдын 29-апрель күнү ИИМдин Борбордук аппаратында ички иштер органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өтүп жаткан кеңешменин жүрүшүндө ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азамат Исраилов өлкөдөгү жол коопсуздугунун абалы тууралуу баяндамасын жасады. Анда Улан Ниязбеков жол кыймылынын кырсыктарын алдан алуудагы кемчиликтерди атап, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жана адам өлүмү менен коштолгон жол кыймылынын кырсыктарын алдын алуу, айдоочулук күбөлүктөр боюнча ишмердикти күчөтүүнү талап кылды.

WhatsApp Image 2022 04 29 at 16.57.36 1 Туристтик сезонго даярданууну, жол кырсыктарын алдын алуу иш-чараларын сапаттуу уюштурууну талап кылам, - министр


“Биринчи чейректин жыйынтыгы менен жол кырсыктарынын саны 13,1% азайды. Бирок, бул көрсөткүчтөр жетиштүү эмес. Жол кырсыктары эң аз дегенде 50% азайышы керек. Быйылкы үч ай ичинде 1366 (1572-2021-жыл) жол кырсыгы катталып, каза болгондордун саны 110 (134-2021жыл), 2079 (2345-2021-жыл) жаран жол кырсыгынан улам ар кандай жаракаттарды алышкан. Ушул жылдын май айынан баштап, жол кырсыктарын азайтуу боюнча катуу чараларды көрүңүздөр. Жер-жерлерде “Жол кырсыгын токтот!” аттуу эки айлык акция өткөрүлсүн.

WhatsApp Image 2022 04 29 at 16.57.35 Туристтик сезонго даярданууну, жол кырсыктарын алдын алуу иш-чараларын сапаттуу уюштурууну талап кылам, - министр


Айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, борбордук аппаратка чейинки бардык кызматтар акцияга активдүү катышып, жапа тырмак жол кырсыктарына бөгөт коюну колго алышыбыз керек. Жергиликтүү бийлик органдары, мамлекеттик органдар, Транспорт жана коммуникациялар, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери менен бирге иш-чараларды күчөтүү керек.

WhatsApp Image 2022 04 29 at 16.57.36 Туристтик сезонго даярданууну, жол кырсыктарын алдын алуу иш-чараларын сапаттуу уюштурууну талап кылам, - министр


Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн авто-мектептерде окутуу процессин өркүндөтүп, айдоочулук күбөлүк алууга келген жарандардан экзамен алууда дыкат карап, алардын арасынан күбөлүк алууга теория жана практика жагынан даяр эместерин аныктап, кайра авто-мектептерге окууга жөнөтүп, окутууга же окуу мөөнөтүн узартууга карата ченемдик шарттарын иштеп чыккыла.
Жол кырсыгына кабылууну токтотуу үчүн жөө жүргүнчүлөр арасында пропагандалык иштер күчөтүлсүн. Орто билим берүү мекемелериндеги, мектептердеги окуучулар арасында, жогорку окуу жайлардагы студенттер арасында таасир берүүчү түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жогоруда аталган акция аяктаганга чейин толугу менен эки айлык мөөнөткө күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлсүн.


“Унаа” мекемесине жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына буга чейин эскертип айткам. Дагы бир жолу эскертем. “Ишмердикти күчөтүңүздөр”, жол кырсыктарына бөгөт коюп, анын санын кескин түрдө азайтуу сиздердин ишмердиктеги негизги урааныңар болсун.
Алдыда дагы бир маанилүү мезгил бар. Ал туристтик сезон мезгили болуп эсептелет. Эгерде туристтик сезон учурунда жол кырсыктары өсүп, жабыркаган жарандардын саны көбөйө турган болсо, анда ошол жердеги жергиликтүү жетекчилерге карата жана жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын, бөлүмдөрдүн жетекчиликтерине карата чаралар көрүлөт.
Ар бир жетекчи – кызматкерлер арасында таалим-тарбияны, окутуп-үйрөтүүлөрдү, жарандарга сылык мамиле жасоону колго алып, мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтсүн”,-деп Улан Ниязбеков жол кыймылынын кырсыктары боюнча билдирди.


ИИМдин Басма сөз кызматы