ИИМдин кызматкерлери сууга чөгүп бара жаткан адамды куткарып калышты

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери сууга чөгүп бара жаткан адамды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерден алыс эмес жерде жүрүшкөн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери БЧКда (Төмөнкү Ала-Арча районунда) сууга чөгүп кеткен адамды көрүшкөн.

Ошол учурда офицерлердин бири дароо сууга секирип, адамдын өмүрүн саткап калууга үлгүргөн. Дароо биринчи жардам көрсөтүлүп, бир канча убакыттан кийин жабырлануучу өзүнө келген.

Жабырлануучунун айтымында, ал БЧК каналынын жанында туруп капысынан талмасы кармап, сууга түшүп кеткен. Ал милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.