Болочоктогу милиция кызматкерлери балдар үйүндө бак отургузушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана улуттук “Жашыл мурас” өнөктүгүн утурлай, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык үй-интернатынын аймагын жашылдандырууга салымын кошуп келишти.

375fd1ba 1c2f 4c1f 8887 959bf9aca946 Болочоктогу милиция кызматкерлери балдар үйүндө бак отургузушту


ИИМдин Академиясынын курсанттары аталган интернаттын кызматкерлери менен биргеликте жемиш бактардын көчөттөрүн отургузушуп, сугарышты.

WhatsApp Image 2022 04 28 at 15.16.55 Болочоктогу милиция кызматкерлери балдар үйүндө бак отургузушту

Андан тышкары, ИИМдин Академиясынын атынан балдар үйүнө жуунуучу, даары каражаттары менен памперcтер белекке берилди.

WhatsApp Image 2022 04 28 at 15.16.54 1 Болочоктогу милиция кызматкерлери балдар үйүндө бак отургузушту


Балдардын психоневрологиялык үй-интернатынын администрациясы ИИМдин Академиясынын жалпы жамаатына жана курсанттарга ыраазычылыгын билдиришип, ыракматын айтышты.


ИИМдин Академиясынын Басма соз кызматы.