
Сауд Арабиясы быйылкы ажылык сапарга Тажикстан үчүн 3,5 миң квота бөлдү. Коронавирус пандемиясына чейин Тажикстандан ажылык сапарга 6 миңге чейин адам барып турган.
Бул жолу Сауд Арабиясы ажыга барчулардын жаш курагы 65 жашка чейин, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жана бул инфекциядан таза экенин тастыктаган тести бар болушу керектиги белгиледи.
Быйыл ажылык сапар 7-июлда башталып, 12-июлга чейин уланат.
Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы убактылуу токтоткондон бери чет өлкөлүктөр ажылык сапарга бара элек.