
Министрлер кабинети 2022-2025-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жана иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон.
Программанын максаты мамлекеттик органдардын коомдук жана эл аралык уюмдар менен ишин жана кызматташуусун координациялоонун негизинде адамдарды сатуудан жабыр таркан адамдардын – жактардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чараларынын системалуу ыкмасын жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу болуп саналат.
Кабыл алынган программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
– адамдарды сатуунун алдын алууга, бөгөт коюуга, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого жана кайра жиберүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук регламенттештирүү;
– адамдарды сатуунун алдын алуу;
– адамдарды сатууга күнөөлүүлөргө бөгөт коюу жана кылмыш куугунтугуна алуу;
– адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү;
– адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк, кызматташтык жана ишти координациялоо.