Садыр Жапаров: Алымкадыр Бейшеналиевдин жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду

 Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде соцтармакта дайыма көңүл борбордо болуп, айткан сөздөрү нааразы пикирлерди жараткан вице-премьер-министр Эдил Байсалов жана Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев туурасында суроолорго жооп берди.

«Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия.

Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо – сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду»,-деп билдирген ал.