Райым Матраимовду түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз?, – Садыр Жапаров

Райым Матраимовду камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде билдирди.

Анда Жапровго «Райым Матраимов камаларын айттыңыз эле. Камалган жок да?» деген суроо узатылган.

«Камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик. Кошуна мамлекеттердин баарына жана Дубайга дагы суроо каттарын жөнөттүк.

“Силерде болгон кылмыштары же мүлктөрү болсо, тизмесин бергиле” деп. Бардык мамлекеттен “андай жок” деген жооптор келди. Болсо дагы 2017-жылы ызы-чуу башталганда, сатып жиберген экен деген маалыматтарды алдык. Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук. Аны түрмөдө элдин эсебинен багып жатып эмне кылабыз? Бир эле Раим эмес, канчалаган чиновниктер мүлктөрүн, акчаларын кайтарып берип, анан чыгып кетишти. Ошол үчүн жалпы кайтарган сумма баш-аягы мүлктөр менен чогуу эсептегенде, сегиз миллиарддан ашты»,-деген Жапаров.

Эске салсак, Садыр Жапаров бийликке келгенде жемкорлор менен күрөшө турганын жарыялап, кыргыз бажысындагы ири коррупциялык система түзүп, аны көмүскөдөн башкарып турганы аныкталган мурдагы бажычы Райымбек Матраимов камала турганын айткан. Көп өтпөй, атайын кызмат Матраимовду кармап, кийин кайра бошотту. Ал мамлекетке келтирген зыянын төлөөгө макул болуп, бюждетке 2 млрд. сом төккөнү кабарланган.