Идрис Кадыркулов кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, азырынча Украинага келбей турууга чакырды.

Анын айтымында, акыркы күндөрү Орозо айы бүткөндөн кийин Украинага кайтуу ниетин билдирген көптөгөн жарандар кайрыла баштаган.

«Азыркы учурда, Украинадагы элчилик Батыш Украинада өз кызматын толук кандуу аткарып, ишмердүүлүгүбүз үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Акыркы аптада Украинадан дагы 7 жараныбызга учак билеттер алынып Кыргызстанга эвакуацияланышты. Акыркы күндөрү Орозо айы бүткөндөн кийин Украинага кайтуу ниетин билдирген көптөгөн жарандар кайрыла башташты.

Бул жерде аскердик салгылашуу дагы деле кызуу түрдө жүрүп, шаарларда сирена тынбай, коменданттык сааттар уланууда. Урматтуу Мекендештер! Азырынча Украинага келбей турууңузду сунуштайм жана өтүнөм!Дал ушундай сунушту, азыр жергиликтүү аскер бийлик органдары дагы билдирип жатат. Украинага келүү эрте, өз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыздар! Баардыгыңыздарга аманчылык каалайм»,-деп жазган ал.