
УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары УКМКнын ыкчам кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен М.С.Ш. кармалган.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.