Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты

GR 60kg Mirambek AINAGULOV (KAZ)

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты.

Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалында монголиялык Балжинням Тсевенравданды 8:0 эсебинде күрөштүн биринчи бөлүгүндө эле жеңип алды.

Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатынын финалына чыкты

Ал эми жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовго каршы килемге чыкты. Шаршенбеков 6:1 менен Фидахметовду утуп алды.

Финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсенге каршы чыгат.