Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иликтөөчү журналист Болот Темировду “бакиевчил” деп атады.
Бул тууралуу ал соцтармактарда билдирди.
“Иликтөө менен абдан таптаза кишилер алектениши керек. Мен атайын чалып сураштырып, изилдеп көрсөм, Болот Темиров мурда Бакиевдер менен анын секретариатында жасалма документтери аркылуу иштеген экен”, – деп жазды.