Президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушунун долбоору уурдалган

Президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушунун долбоору уурдалып алынган.

Бул тууралуу Атай Бейшенбек өз баракчасында жазып чыкты.

19d4898d 5748 48c1 b6f6 82678f7b4bb2 1 Президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушунун долбоору уурдалган

“Президент барып капсуласын салып администрация имараты болот деп көрсөткөн дизайндарды даже уурдап
алганыңар кандай?
Садыр Нургожоевич, командаңыз чала, жалаң сизди подстава кылгандардан экенин качан түшүнөсүз?
Мына ички дизайны сайттардан эле алып, презентация кылып коюшуптур!
Уят! Мындай иштерди токтотуңуз!”, – деп жазды ал.

image 20 1 Президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушунун долбоору уурдалган
WhatsApp Image 2022 04 18 at 13.25.57 Президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушунун долбоору уурдалган

Долбоор кайра каралабы, белгисиз.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров 15-апрель күнү президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрөт, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер бериле турганы белгилүү болду. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өлкөдө экономикалык кыйын кырдаалда президенттин жаңы администрациясы курулуп жатканын сындап жатышат.