1216 ишеним телефону эл каттоодон өтпөй калгандардын чалууларын кабыл алууну улантууда

Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 23-февралдан 2-майга чейин уланат.

Ошол эле учурда биринчи этапта кандайдыр бир себептер менен эл каттоодон өтпөй калган адамдар үчүн калктын контролдук каттоосу өткөрүлөт.

1216 ишеним телефону эл каттоодон өтпөй калгандардын арызын кабыл алууну улантууда. Кошумча WhatsApp`ка жазсаңыз болот: +996 (502) 159 815, +996 (999) 183 020.