Комитеттин көчмө жыйыны Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» алтын кенинде өтөт

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин көчмө жыйыны Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» алтын кенинде өтөт.

Маалыматка караганда, депутаттар «Кумтөр» алтын кенинин учурдагы абалы менен таанышат. Көчмө жыйында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк баяндама жасайт.

Жыйын эртең, 19-апрелде да уланат.