Бишкектеги эски аянттын тегереги оңдолууда

Орозо айтка байланыштуу Бишкектеги эски аянттын тегереги оңдолууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, 2-майда Бишкектин борбордук бөлүгүндө айт намазы окулат, ушуга байланыштуу асфальты жаңыланып, айланасы иреттелип жатат.

«Азыркы тапта атайын техника менен асфальттын эски катмары алынып жатат. Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сквердин ирригациялык системасына капиталдык ремонт жасалды. Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы ирригациялык система жаңыланып, тротуары оңолду. Газон себүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. COVID-19 илдетинен улам 2020-жылы жапырт намаз окууга тыюу салынган.

Быйыл Орозо айт 1 же 2-майга туш келет.