
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнө активдүү катышууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана улуттук “Жашыл мурас” өнөктүгүн утурлай, ИИМдин Академиясы тарабынан көчөттөр отургузулуп, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-чаралары өткөрүлдү.

Андан сон, Академиянын өздүк курамы ишембилик өткөрүшүп окуу жайдын ички жана сырткы аймагын тазалап, бордюрларды актап, таштандылардан арылтышты.
Жашылдандыруу иш-чаралары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы тарабынан мындан ары да улантыла бермекчи.

