“Тазалыктын” кызматкерлери ишке чыгышты, – мэрия

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кайрадан кызматтык милдеттерин аткарууга киришти, деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

received 3124740577788000 1024x461 1  “Тазалыктын” кызматкерлери ишке чыгышты, - мэрия

Эртең менен алар менен борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жолугуп, жумушчулардын бардык суроолорун укту.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин бир бөлүгү айлык акынын кечиктирилишинен жана унааларды оңдоону каржылоо маселесинен улам иш таштаган.