Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесинде сайдан жансыз дене табылды, ким экени да аныкталды

0
161

Бүгүн, 15-апрелде Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесинде сайдан табылган жансыз дененин өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лейлек райондук өзгөчө кырдалдар бөлүмүнө түшкөн маалыматта Сүлүктү шаарынын Тытты тоо тилкесиндеги сайда белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы айтылган.

«Маркум 1979-жылы туулган Сүлүктү шаарына караштуу Караул-Кыштак айылынын тургуну К.Н.Б. болуп чыккан», – деп айтылат маалыматта.

5 куткаруучу тартылып, каза болгон белгисиз жарандын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.