Бишкекте батирден 58 жаштагы эркектин сөөгү табылды

Бишкекте батирден 58 жаштагы эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Куруучулар шаарчасында жайгашкан үйдүн 25А-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1955-жылы туулган К.М. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Куркатуучулар маркумдун сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 кызматкери тартылган.