Таласта “Мал ууру” рейди жыйынтыкталды

2022-жылдын 8-10-апрелге чейин Талас областынын аймагында «Мал ууру» шарттуу аталыштагы иш-чара өткөрүлдү.


Аталган иш-чаранын талабына ылайык, көрсөтүлгөн багытта талдоо иштер жүргүзүлүп, мал уурулукка бөгөт коюучу аракеттери көрүлдү.


Талас ОИИБнен жана ШРИИБнен жалпы 134 кызматкер бөлүнүп, иш алып барышкан. Рейд болгон күндөрү жалпы 18 кылмыш катталып, 6 кылмыштын бети ачылган.
Рейдтин жүрүшүндө уурулук боюнча алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүп, тийиштүү тапшырмалар коюлуп, областтын аймагында жайгашкан 14 мал союлуучу, 12 эт сатуучу жайлар текшерилип, алар менен профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.


Рейд учурунда жалпысынан 66 автоунаа текшерилип, ЖКККБ тарабынан 45 протокол толтуруп, тийиштүү документи жок унаа башкарып жүргөн 1 айдоочу аныкталып, автоунаалары айып короого киргизилген. Мындан тышкары мурда соттолгон 29 адам ИИБнө алынып келинип, түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Мал алып сатуу менен алектенген 28 адамга нускамалар берилди.


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы